Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ташиевдин маалымат жыйынына анализ

25.12.2020 12:51
1006
Ташиевдин маалымат жыйынына анализ

Октябрь айынын аяк ченинен тарта Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Кызматынын төрагасы кызматын аркалап жаткан Камчыбек Ташиев өзүнүн элге өтө жакындыгын, атайын кызматтын жасап жаткан ишинин жыйынтыктары тууралуу маал-маалы менен маалымат жыйынын өткөрүп, ачык айтып берип жатканы менен көрсөтүүдө. Башында эле дароо айтып койгонубуз дурус, буга чейин УКМКны өтө көп жетекчилер башкарды. Бирок, алардын бирөөсү да элге мынчалык жакын болгон эмес.


Кече 24-декабрда К. Ташиев өзүнүн кезектеги маалымат жыйынын өткөрүп, УКМКнын 2020-жыл ичинде жасаган иштери тууралуу кеңири айтып берди. Адегенде кандай террордук актылар алдын-алынганын, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудура турган кандай диний жана башка уюмдардын тымызын жасап жаткан иш-аракеттери ачыкталганын санап берди. Ошону менен катар эле уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү чечкиндүү кадамдарга токтолду.


Буга чейин атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан «Мыйзамдагы ууру» атыккан Камчы Көлбаевдин кармалганы белгилүү. Учурда бул адамдын кылмыштуу чөйрөсүнүн жасаган иш-аракеттери иликтенип жатканы кабарланды. Ошону менен катар эле дагы бир нече кылмыш чөйрөсүнүн таасирдүү адамдары кармалганы белгилүү болду. Жалал-Абад облусунда алтургай укук коргоо органдарын да тоготпой калган кримчөйрөнүн өкүлдөрү кармалганы айтылды. Ушунун өзү эми мындан ары өлкөбүздө кылмыш чөйрөсүнүн жазылбаган «мыйзамы» менен эмес, мамлекеттин өзүнүн мыйзамы менен жашоо улана турганын далилдейт.


Коомчулуктун көңүл чордонунда турган маселе – бул дагы деле «Райым-миллион» экени белгилүү. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев кеңири маалымат берди. Анын айтымында Райымбек Матраимов учурда тергөө менен тыгыз кызматташып, өзү Бажы кызматынын төрага орун басары болуп турган кезинде кимдер менен биргеликте коррупциялык иштерди жасаган болсо, алардын баарын аттарынан атап берген. Р. Матраимов «Кыргызстан-Кытай» чек арасынан өткөн ар бир жүк ташуучу унаадан 500 доллардан 3000 долларга чейин өз чөнтөктөрүнүн эсебине акча алып турушканын да моюндаган. Сөздү кыскарта айтканда, анын өлкө ичинде жасаган иштеринен улам мамлекетке келтирген зыяндары 2 миллиард сомдун тегерегинде болгон. Ошол сумма толугу менен кайтарылып алынды. Анын 1,4 миллиону акча түрүндө, ал эми 600 миллиону кыймылсыз мүлк түрүндө алынган. Кыймылсыз мүлктөр – бир соода борбору жана 9 квартира.


К. Ташиев ушуну менен эле Р. Матраимовдун иши аягына чыгып калбаганын белгиледи. Анын айтымында эми Матраимовдун чет мамлекеттердеги мүлктөрү иликтенет. Анан дагы анын башка мамлекеттердеги коррупциялык иш-аракеттерди чогуу жасаган өнөктөштөрү да иликтөөгө алынат. Бул боюнча өзүнчө тергөө өндүрүшү болот. Демек, айрымдар айтып жаткандай Райым Матраимов мамлекетке 2 миллиард сом төгүү менен эле апакай болуп кутулуп кете албайт. «Эми анын башка мамлекеттер менен контрабандалык байланыштары иликтенет. Биз бул боюнча кылмыш ишин ачып, ошону иликтей баштадык. Эми биз сырт жакка чыгабыз. Эгерде анын Дубайда, Америкада, Европада, башка Азия мамлекеттеринде мүлктөрү табылса, биз мыйзамдуу чара көрөбүз. Матраимов боюнча иш токтогон жок. Биз бул боюнча ишти улантабыз. Матраимов бизде үй камагында калат. Аны өлкөдөн чыгарбайбыз. Ал биздин колубузда болот», - деди ал.


Журналисттер тарабынан да бир топ суроолор берилди. Алардын арасында «Жалал-Абаддагы курорттордун бирине К. Ташиевдин атынан барып, аны тартып алуу аракетин жасагандар» тууралуу болду. Бул окуяга К. Ташиев атайын көңүл буруп, УКМКнын Жалал-Абаддагы бөлүмүнөн кызматкерлер барып, териштирүү болгонун, натыйжада анын атын сатып баргандардын мыйзамсыз аракеттери аныкталганын жана алар бүгүнкү күндө СИЗОдо жатышканын билдирди.


«Мен чек ара маселеси боюнча мамлекеттик комиссиясы төрагасы болуп саналам. Биз бир жолу коңшулаш Өзбекстандагы коллегаларыбыз менен бир жолу жолугуштук. Мамлекеттик чек ара талкууланганда дайыма жеңил өтпөйт. Мисалы биз акыркы жолу өзбекстандык коллега менен бул маселени талкуулаганыбызла түнкү саат 03:05те араң протоколго кол койдук. Сүйлөшүүлөр оор болду. Биз жалпы чек арабыз боюнча, биздин ишибиздин принциптери боюнча макулдаштык. Негизинен мамлекеттик чекралардын демаркациясы тууралуу сүйлөштүк. Демаркациялоо жүрүп жатканда, чек араларды орнотууда, биргелешкен иш болсун дедик. Бир карыш жер да башка мамлекетке кетип калбашы үчүн жана билбестиктен биз башка мамлекеттин жерине өтүп кетпешибиз үчүн. Бул иш дагы уланат. Жыйынтыгы дароо боло калбайт. Биз бул ишке өтө көңүл буруу менен карайбыз», - деди Камчыбек Ташиев чек ара маселесине байланышкан суроого.


Алдыда өтүүчү президенттик шайлоодон кийин өлкөдө башаламандык уюштуруу пландары болушу мүмкүнбү деген да суроо узатылды. «Президенттик шайлоодон кийин өлкөдө дестабилдүүлүк жасоо аракети болушу мүмкүн. Бизде баардык маалыматтар бар. Какйсыл талапкер эмне кылып жатканы, кандай аракеттерди көрүп жатканы боюнча дагы. Алтургай муну документ менен көргөзөбүз. Бизде айрым талапкерлер шайлоо алдындагы үгүт иштерин эмес, шайлоодон кийинки дестабилдүүлүккө даярданып жатканы тууралуу билебиз. Биз буга жол бербейбиз деп ишенем. Анын үстүнө биздин эл буга жол бербейт», - деди Ташиев.


Туура, эл дагы ар кандай башаламандыктардан, түрдүү саясий тирештерден тажады. Элге азыр тынчтык, стабилдүүлүк маанилүү. Мамлекеттин өнүгүшү үчүн да саясий тирештерди токтотуп, биргеликте алдыга жылуунун гана жолун издөөбүз зарыл.


Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында элдин баары көрүп-билип турган, бирок ачык айтылбаган маселени да көзгө сая айтты. Тактап айтсак, соттор тууралуу. Кыргызстанда сот реформасын жасоо аракеттери узак жылдардан бери жүрүп келет. Бирок, эч эле ишке ашпай койду. Соттордун паракорлугу тыйылган жок. Катар-катар үйлөрдү сатып алып, кымбат баалуу машинелерди тээп, үй-бүлөсү менен чет мамлекеттерде сайрандап эс алып келүүгө соттордун алган айлык акылары жетпейт. Бирок, жашоолору ошондой.


«Соттун бир кийген шубасы 5000 доллар турат. Сапогу 1000 доллар турат. Минген машинеси 100 миң доллар турат. Жашаган үйү миллион доллар турат. Андан тышкары шаарда квартираларды алып койгон. Мына кече кармалган сотубуздун 20 квартирасы бар экен. Демек, биз буларды тартипке келтирмейинче коомубуз оңолбойт. Баардык сотторду, ар бир сотту карап чыгабыз. Декларациясында эмне жазылган? Ошону менен жашайт. Декларациясында ВАЗ-2106 деп жазып коюшат. Ошону минет. Эч кандай жип машинесин минбейт. Декларациясында 2 бөлмөлүү «хрущевка» деп жазылганбы? Ошондо жашайт. Мен муну камсыздайм», - деди Камчыбек мырза.


Анан дагы ал Жогорку Соттун төрайымына карата да кылмышка шек жараткан жагдай бар экенин билдирди. Балким, жакынкы күндөрү Жогорку соттун төрайымы да соттолуучунун отургучунда болуп калышы мүмкүн.


Айтор, Камчыбек Ташиев өзүнүн чапчаң иш-аракеттери менен кыска убакыт аралыгында элдин ишенимин ойгото алды. Анын айтып жаткан аракеттери толугу менен ишке ашса, анда мамлекетибизде кадимкидей мыйзамдын тартиби орнойт. Элдин күткөнү да ошол.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн