Баткен облусу аркылуу Тажикстанга агылган контрабандалык май ташуу токтой элек. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар социалдык тармактарга жарыялаган тасмада айтылат.
Келсинай Нуралиева аттуу Фейсбук колдонуучу бөлүшкөн тасмада май ташыган чоң унаалар кыргы-тажик чек арасында турганын көрүүгө болот.
Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги эл менен жолукканда контрабандалык жол менен ташылган жүктөр токтой турганын билдирген. Жергиликтүү жетекчилер Ташиевдин бул тапшырмасын аткарбай жатабы?
Пикирлер (1)