Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Тай-Мурас Ташиев Аксы районунун сел жүргөн Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл аймактарынын селден жабыр тарткан жашоочуларына 500 миң сом акчалай жардам берди. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Тай-Мурас Ташиев акчалай жардам үй-бүлөсүнүн атынан экенин айтып, каза болгондордун жакындарына көңүл айткан.
Пикирлер (2)