Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулуна Испания Ла Лигасында ойногон "Леванте" футболдук клубунан сунуш түшкөн. Бул тууралуу Ташиев Фейсбук баракчасына жазып чыкт.
"15 жаштагы кенже уулум Эмир-Хан «Паоло Россинин» академиясында бир жарым жыл окуду жана Италиянын «Перуджа» футболдук клубунда жарым жылдай ойноду. Эми Испаниянын «Леванте» футболдук клубунун кароосуна чакыруу алды жана биринчи жолу чет өлкөгө мен жок кетип жатат.
Уулум, сага бардык жакшылыктарды каалайм, эми сен «Ла Лигада» ойногон биринчи кыргыз футболчусу болосуң деп ойлойм"- деп билдирүү калтырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн