УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры деген наамды берүүнү буга чейин жердештери көтөрүп чыккан эле. Интернетте Сузак райондук кеңешинин депутаттарынын токтомунун көчүрмөсү тарады. Анда 13 айыл өкмөттүн кеңештеринин мүчөлөрүнүн колу жана мөөрү басылган жана жогорку бийликке Ташиевге эң жогорку сыйлык берүү сунушталган.
Айрым интернет колдонуучулары учурдагы бийлик К.Ташиевге Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры деген наамды бериши керектигин белгилөөдө. Анын Ош окуясындагы эмгеги негизги себеп катары көрсөтүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн