Бугу 07, 2024
Убакыт: 13:41
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ташиевге окшогон намысы бар үчүн, жалпыбыз барбыз!

18.02.2021 18:27
821
Ташиевге окшогон намысы бар үчүн, жалпыбыз барбыз!


Күн санап, саат санап, Жаратканга жалынып, Камчыбек Ташиевдин өмүрүн тилеп келди жумурай журт. Жаратканым жалгап, элдин тилегин берди! Германиядан жүрөгүнө операция ийгиликтүү жасалып, аз убакытта сакайып, Ата Журтуна аман эсен кайтып келди...

Элдин кубанычына чек жок. Алыста оору менен алышып жатса дагы, баардык ой-санаасы эли жеринде болду. Карагылачы! Келери менен үйүнө кайрылбастан, Баткенге сапар тартып, чиеленген чек ара маселесин чечүүгө барды...
Не деген эли үчүн күйгөн камкоорлук, намыскөйлүк, жоопкерчиликтик! СССР учурунда “Жашасын Ленин! Жашасын коммунистик партия!”  деп парад учурунда плакаттарды көтөрүп, кыйкырып өтчү элек.

Бүгүн мен колума баннерге жаздырып: “Жашасын Камчыбек! Жашасын азыркынын Манасы – Ташиев!”  деп аянтка чыгып, кыйкыргым келди. Жарым ай мурун ага бир жыйында жолугуп, “Камчыбек иним, мени кабыл алып койчу, кепкеңешим бар...” , – десем, колун сунуп, “Байке, мен алыска кетип жатамын, ошол жактан кайтып келейин, анан сөзсүз жолугабыз...”, – деген эле. Көрсө, операцияга даярдык көрүп жаткан турбайбы. Анда мен тактап сураган эмесмин. Кабыл албай деле кой... Мен үчүн сенин аман-эсен кайтып келгениң баарынан баалуу болду. Кубанып, жыргап турамын!

Камчыбек иним, түшүнүп, көрүп турамын баардык кырдаалды. Ишиң чачтан көп. А бирок, чаалыгып чарчап турасың. Бир аз эсалып, ден соолугуңду чындап алып, анан маанилүү мамлекеттик иштериңди бүтүргүн. Болгону өзүңдү аяп, асырагын. Баткенден келатып, айылыңа кайрылып, ырымдап түлөө өткөзүп, карыялардын батасын ала кел, мен сыймыктанган намыскөй, ИНИМ!

Мелис Арып-Бек чыгармачыл жаман агаң
18.02.2021-жыл

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Пахтакор ай мынча кошоматчысын.Ташиевдин милдети бул кызматты еелегендин кийин.Кошоматтын да чеги болот