Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынын мэри Жахонгир Артыкхожаев шаардагы батир ээлерине кайрылып, анда жашагандардан убактылуу ижара акысын талап кылбай турууга чакырды. Бул тууралуу Өзбек басылмалары жазып чыкты.
«Бул күндөр бардыгыбыз үчүн сыноо. Мындай шартта бири-бирибизди колдоп, жардам беришибиз керек», — деди ал.
Мэр батирде жашагандардын көбү карантинден улам убактылуу ишсиз калып, оор абалга туш келгенин белгилеген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн