Бугу 14, 2024
Убакыт: 19:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ташкентте 41 кабаттуу бизнес-комплекс курулат

11.06.2020 15:09
1053
Ташкентте 41 кабаттуу бизнес-комплекс курулат


Өзбекстандын борбору Ташкентте наркы 90 миллион доллар турган 41 кабаттуу бизнес-комплекс жана соода-оюн-зоок борбору курулат.


"Mall of Tashkent & Business Center" – деп аталган бул ири инвестициялык долбоор ушул жылдын 4-июнунда өлкө президенти Шавкат Мирзиёевге тааныштырылган. Курулушу сентябрь айында башталуучу долбоорду түркиялык жана британиялык компаниялар жүзөгө ашырат жана ал 2022-жылдын 4-кварталында пайдаланууга берилет. Имараттын бийиктиги 191 метр (41 кабат) жана анын жер алдындагы бөлүгүндө үч кабаттуу 800 орундуу автоунаа токтотулуучу жайы болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн