Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ташкентте ДССУ жана БУУнун баңгизаттарды колдонууну дарылоо боюнча өткөргөн эл аралык семинарга ИИМдин өкүлү катышты

17.12.2021 09:21
358
Ташкентте ДССУ жана БУУнун баңгизаттарды колдонууну дарылоо боюнча өткөргөн эл аралык семинарга ИИМдин өкүлү катышты

ИИМдин кызматкери баңгизаттарын колдонууга байланыштуу ооруларды дарылоо боюнча регионалдык семинарга катышты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


2021-жылдын 13-14-декабрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өткөн "Баңги каражаттарды колдонууга байланыштуу ооруларды дарылоо боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жана Бириккен улуттар уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук башкармалыгы (БУУ БКБ) эл аралык стандарттары боюнча региондук семинары» темасындагы семинарга катышты.

Ошондой эле семинарга Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын делегаттары, ошондой эле ДССУнун эл аралык тренерлери жана БУУнун БККБнын Борбордук Азиядагы долбоорунун координаторлору катышты.

Семинарда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык наркология борбору тарабынан даярдалган "Кыргыз Республикасындагы наркологиялык жардам көрсөтүү тутуму" бетачары сунушталды.


Семинардын негизги максаты: Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жана Бириккен улуттар уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук башкармалыгы (БУУ БКБ) иштеп чыгарган баңги каражаттарды колдонууга байланышкан бузууларды дарылоонун эл аралык стандартын киргизүү жана тааныштыруу.

Семинардын жыйынтыгы боюнча бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн