Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстандын кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Кудратилла Рафиков менен жолугуп, эки өлкөнүн бул тармактагы байланыштары жана мындан аркы багыттары тууралуу пикир алышты. Бул тууралуу Ташкенттеги кыргыз элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Анда мамлекет башчыларынын саясий эрки жана өз ара ишенимдеринин аркасында эки тараптуу кызматташтык жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүлүп жатканы белгиленди.
Элчи Чотонов Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясы менен Өзбекстандык кесиптик уюмдардын алакасы эмгекчилердин укугун коргоо жана алардын кызыкчылыктарын камсыз кылууда кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатканын айтты. Айрыкча социалдык жактан коргоону жакшыртуу, эмгек шарттарын өнүктүрүү жана адилет мамилени орнотууда мындай кызматташтык өзгөчө мааниге ээ экени баса белгиленди.
Жолугушууда Борбор Азиядагы кесиптик уюмдардын өз ара байланышын чыңдоо жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү да сөз болду. Аймактагы эмгекчилердин укуктарын жана социалдык кепилдиктерин камсыз кылууда биргелешкен аракеттер маанилүү орунду ээлээри белгиленди.
Мындан сырткары, 2024-жылдын декабрь айында кол коюлган эки тараптуу кызматташтык тууралуу келишимдин аткарылышы оң бааланды. Ал келишим өлкөлөрдүн аймактык, тармактык жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдары ортосундагы алаканы дагы да бекемдөөгө өбөлгө боло турганы белгилүү болду.
Ошондой эле, Өзбекстандын кесиптик бирликтер федерациясынын карамагына өткөрүлгөн “Бустон” пансионатын өнүктүрүү маселеси каралды. Федерация жетекчилиги эс алуу жайын жаңыртуу боюнча келечектеги пландары менен бөлүшүп, бул демилге эмгекчилердин ден соолугун чыңдап, эс алуусун жакшыртууга багытталарын маалымдады.
Жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да улантып, эмгекчилердин кызыкчылыгына багытталган иш-чараларды бирге жүргүзүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн