Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 15:38
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Ташкентте кыргыз-өзбек кызматташтыгынын келечектүү багыттары талкууланды

08.07.2024 17:12
188
Ташкентте кыргыз-өзбек кызматташтыгынын келечектүү багыттары талкууланды


Ташкентте Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык чөйрөдөгү кыргыз-өзбек кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектүү багыттарын талкуулашты.

Транспорттук-логистикалык жана гидроэнергетика тармагында биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча актуалдуу маселелер өзгөчө белгиленди. Ошондой эле өнөр жай кооперациясынын жана өз ара кызыкчылык туудурган башка чөйрөлөрдүн келечектүү биргелешкен долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча пикир алмашты.

Тараптар ошондой эле өтө турган кыргыз-өзбек бизнес-форумуна даярдык көрүү жана өткөрүү маселелерин талкуулашты. Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү жана учурдагы долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле фонддун уставдык капиталын 200 млн АКШ долларына көбөйтүү мүмкүнчүлүгү каралды.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн борбор шаарларында соода үйлөрүн ачуу боюнча мындан ары келечектүү пландарга токтолушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыктын бардык маселелерин ар тараптуу жана предметтик талкуулоо, ошондой эле учурдагы жана келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары жана Өзбекстандын инвестициялар, өнөр жай жана соода министринин орун басарынын деңгээлинде ВКС форматында жолугушуу өткөрүү тууралуу макулдашууга жетишилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн