Бугу 02, 2024
Убакыт: 04:52
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Ташкул Керексизов 75 жашка чыкмак...

31.12.2023 09:50
329
Ташкул Керексизов 75 жашка чыкмак...


26-ноябрда улуттук тарых музейде коомдук ишмер, жаратман инсан, меценат, кыргыз интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлү Ташкул Керексизов эскерилди. Ага президенттин кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Ташкул Жанызаковичтин үй-бүлөсү, жакындары жана башкалар катышышты.


Министр өз сөзүндө “Ташкул Керексизов “кыргыз эли дүйнөгө өзүнүн улуу руху, көөнөрбөс руханий казынасы, улуттук нарк-насили менен таанылса, дүйнөдө өз ордун тапса” деп кыялданып, кыргыздын “Манас” эпосун, үч кыл комузун, бозүйүн, шырдагын, дегеле кыргыз рухун даңазалоого далалат кылган, ал адаттан тыш ой жүгүртүүлөрү, идеялары менен “планета – мекеним, туулган жерим – Кыргызстан” деп өзү айткандай, планетардык масштабда ой жүгүртүп, азыркы ааламдашуу заманында кыргыздар тамырын жоготпой, улуттук иденттүүлүгүн сактап калуусуна өбөлгө боло турган иштерди кылып кетти” деди.


Ал эми сөз алып сүйлөгөндөр – Керексизовдун мурас кылып жасап кеткен “Рух Ордо” маданий борбору кыргыздын сыймыктана турган өзгөчө архитектуралык жайына айланганын, ошого катар эл аралык мааниге ээ боло турган “Аалам Ордо”, “Шамбала” аттуу долбоорлору аягына чыкпай калганын айтышты. Эгерде тирүү болгондо далай ачылыштардын өтөөсүнө чыгат эле...


Улуттук тарых музейдин директору Жылдыз Бакашева “Ташкул аке ааламы” аттуу баяндамасын жасап, Ташкул Керексизов жөнүндө даректүү тасма тартууланды.


Ташкул Керексизов 1948-жылы Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында туулган. 1972-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин, 1981-жылы Алма-Атадагы жогорку партиялык мектепти аяктаган. 1972-1977-жылдары Кыргыз керек-жарак союзунун аппаратында товаровед, 1980-1982-жылдары Панфилов райондук керек-жарак союзунун төрагасы, 1990-1992-жылдары Москва райондук керек-жарак союзунун төрагасы болуп, 1996-жылы Кыргызстан кооперативдер бирлигин жетектеген. 1996-1998-жылдары Талас облусунун губернатору, КР салык кызматынын директору болгон. 1999-2000-жылдары КР министри – мамлекеттик мүлк фондусунун жетекчиси болуп иштеп, бир катар жогорку мамлекеттик кызматтарда эмгектенген. 2005-жылы үчүнчү чакырылыштагы парламентке Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.


Кыргыз мамлекетине кылган ак кызматы үчүн эл аралык көркөм өнөр академиясынын академиги, III даражадагы «Манас» орденинин ээси болгон.


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн