Бугу 09, 2024
Убакыт: 03:12
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Ташкул аке кыялындагы көп нерсени бүтүрө албай Акка моюн сунуптур...

08.05.2021 14:15
1233
Ташкул аке кыялындагы көп нерсени бүтүрө албай Акка моюн сунуптур...

Кыргызчыл,  өзү гана түшүнгөн керемет, кенен дүйнөсү бар Ташкул аке кыялындагы көп нерсени бүтүрө албай Акка моюн сунуптур...


Эки жолу үйүндө болуп, "кайним, эжеңдин кол  кесмесинен ич" деп карс-карс  күлүп,  бир жолу Аалам-Ордодо жарым күн маек курдук эле... Үйүнө барсам тоодактар алдыман качып, элик чаарчыгы менен оттоп жүрүптүр...

"Колдоочум  таажылуу жылан. Ал жаныма келгенде илхамым ойгонот. Анан ою-чийүүлөр, сүрөттөр, ар кандай архитектуралык элестер көз алдыма келет",-деген эле бир жолу...


Анан да Аалам-Ордону баштаганда Көлдүн күңгөй тоосуна жан кирип, боз чап тоого майда чөп, карагандар өсүп баштаганын, Кудай буйруп, каражат табылса бул ордону көчмөндөр цивилизациясынын очогу кылаарын айтчу...


"Рух-Ордону" андан кенен салсам дедим эле, жер тардык кылды. Көп нерсени койоюн дедим, аралашып мааниси кете турган. Бирок, ошол жерде Кол эненин энергиясы өтө күчтүү. Жер менен туташып,  рухуң эс алат", дегенин эстедим...


Кызык. Ташкул аке негедир ташка жакын болчу. Таштардан көзү өтүп, ташка катылган тарыхты окуп, жандырмагын таап алгандай жүрчү. Бир жолу Үрүмчүдөгү таш базардан бир таш көрүп калып ооруп калганын, алайын десе акчасы жетпей, бирок, ташты ээсине бекем тапшырып келип, кийинки жылы 30 миң доллардан ашык каражатка сатып алып, жаны жай алып калганын айтканда кулагыман тургам...


Алиги сүрөттөгүдөй Ташкул аке Нураке менен сырдаш, асылкеч болчу. "Ченсиз залкар, канында нукура казактын көчмөн каны ойногон, намыс-ары бийик киши. Мени маал- маалы менен чакырып, маектешеенден эс алып турат. Астананын куруп жатканда идеяларымды колдоп, мыкты экспозицияларды ишке ашырды" деп калчу...


Кайран киши. Оригиналдуу адам болчу. Ыйманы саламат болсун...


Тынчтык Алтымышев, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн