Учтун айы 17, 2025
Убакыт: 12:11
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.845
0.880

Таштан Коңурбаев "Электр станциялар" ишканасынын жаңы башкы директору болуп дайындалды

12.01.2024 14:46
503
Таштан Коңурбаев "Электр станциялар" ишканасынын жаңы башкы директору болуп дайындалды


Таштан Коңурбаев "Электр станциялар" ААКтын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал ишкананын директорлор кеңешинин чечимине ылайык дайындалган.

Компаниянын мурдагы башкы директору Осмон Качкынбаев бул кызматты 2022-жылдын декабрь айынан бери аркалап келген.

Коңурбаев Таштан Дарманкулович 1969-жылы туулган, билими жогорку. Адистиги электр жабдуу боюнча инженер - электрик. Эмгек жолун Токтогул ГЭСтер каскадында 2-баскычтагы токарынан баштап, буга чейин 4-баскычтагы электрослесары, электр цехинин мастери, ремонттоо боюнча жетектөөчү инженер, Токтогул ГЭСнин электр цехинин башчысы, инженердин орун басары, Курпсай ГЭСнин башчысынын орун басары, "Электр станциялар" ААКтын Токтогул ГЭСнин башчысы, "Камбар-Ата" ГЭСнин башкы инженери, директору кызматтарында эмгектенип келген.

"Электр станциялар" ААК мамлекеттин 98% электр энергиясын, ошондой эле жылуулук электр энергиясын өндүргөн ири компания болуп саналат. Курамында 7 гидроэлектростанциялар, 2 Жылуулук электр борбору жана Бишкек жылуулук тармагы кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн