Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 22:20
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Таштанды челектен табылган наристени таенеси багып алууга даяр

16.11.2023 09:20
319
Таштанды челектен табылган наристени таенеси багып алууга даяр


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Бишкектеги таштанды челектен табылган наристенин тагдыры тууралуу маалымат берүүнү улантууда.

Ведомстводон билдиришкендей, Талас айылынын жашоочусу С.Г (таенеси) келип, небересин өзүнө алып кетүүгө даяр экенин билдирген. Бирок таенесине берүү үчүн мыйзамга ылайык шарттарынын жана талаптардын аткарылышынын негизинде берилет жана бул боюнча атайын жумуш жүрөт.


Учурда бала дары-дармек, медициналык жардам жана кийим-кече менен камсыздалган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук социалдык камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери ымыркайга туулгандыгы тууралуу күбөлүк беришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн