Муфтийдин демилгеси менен калаанын таштанды полигонунда иштеген жарандарга 1 тонна ун таратылды. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билидиришти.
Маалыматка ылайык, муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин демилгеси менен Бишкек шаарынын четиндеги таштанды полигонунда эмгектенген жана күнүмдүк тамак-аш үчүн жалданып иштеп, акча тапкан жарандарга 1 тонна ун таратылды.
Иш-чарада Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын өкүлү Султан ажы Момунов жана Эстебес ажы Ажыкулов бул жолу 100 үй-бүлөгө таратышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн