Бугу 21, 2024
Убакыт: 03:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Тастыкталды. Максим Бакиев Кыргызстанга келген эмес! (видео)

13.04.2022 23:29
1014
Тастыкталды. Максим Бакиев Кыргызстанга келген эмес! (видео)


Биздин редакция 11-апрелде 24.kg маалымат агенттигинин ютуб-каналына жарык көргөн тасмадагы жарандык активист Жолдошбек Сыргаковдун сөзүнө таянып, материал жарыялаган. Анда Сыргаков экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдогон митингде сөз сүйлөп, Кыргызстанга мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев келгенин билдирген эле.


Ошондон көп өтпөй жарандык активист Жолдошбек Сыргаков  Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жасаган видео кайрылуусунда митингде эмоцияга алдырып, жогорудагыдай тастыкталбаган маалыматты айтып алганын мойнуна алып,  кыргыз элинен кечирим сурады. Биз Сыргаковдун видео кайрылуусун сунуш кылабыз.


Жарандык активист болобу, катардагы жаран болобу, деги кайсы тармактын өкүлү болбосун, кандайдыр бир маалыматты коомчулукка жарыялардан мурда, анын аныктыгына көзү жетип, анан гана эл астында айтып чыгууларына чакырабыз.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн