Бугу 08, 2024
Убакыт: 23:08
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Татарстан менен кызматташуу максатында 10 келишимге кол коюлду

08.06.2021 13:43
1329
Татарстан менен кызматташуу максатында 10 келишимге кол коюлду

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген Татарстандын (Россия Федерациясы) премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту.


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулады, ошондой эле өз-ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдөгү аракеттешүүнү активдештирүү боюнча пикир алмашты.

«Татарстанстан менен өз-ара пайдалуу байланыштарды тереңдетүү Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ. Биздин элдерибиздин тили, дини, маданияты, салт-санасы жалпы саналат жана аларды чыңдообуз зарыл», - деди Улукбек Марипов.

Василь Шайхразиев Татарстандын президенти Рустам Миннихановдун саламын жолдоп, кызматташтыкты активдештирүү эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө оңдуу таасирин тийгизээрин белгиледи.

Ошондой эле ал Казань шаарында ишкер чөйрө өкүлдөрү менен болгон жолугушуулардын жүрүшүндө республикалар ортосунда кызматташтык тууралуу 10 ашуун келишимдерге кол коюлгангандыгын эске салып, татар тараптын билим берүү жана туризм жаатындагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыкдарлыгын белгиледи.

Пикир алышуунун жыйынтыгында министрлер кабинетинин башчысы жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, Татарстан Республикасынын Премьер-министринин орун басарын Сабантуй элдик майрамы менен куттуктап, бул майрам татар-башкыр маданиятын жайылтууда, элдер ортосундагы тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоодо маанилүү элементтердин бири катары саналаарын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн