Россиялык ишкер мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жана Бажы кызматынын кызматкери Нурбек Айбашевдин үстүнөн коррупция фактысы боюнча арыз жазат. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров "Кактус.медиага" билдирген.
Анын айтымында, чиновниктер кызмат абалынан пайдаланып, ишкерге тендерден утуп чыгууга ишендирип 175 миң доллар акчасын алган.
"Россиялык инвестор менден анын жактоочусу болушумду өтүндү. Ал 2016-2017-жылдары мал-жандыктарды идентификациядан өткөрүү боюнча компаниясы менен тендерге катышкан. Сапрашев менен Айбашев аны ишендирип 175 миң доллар алган",- дейт жактоочу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн