Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 21:35
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Тайырбек Сарпашевдин үйүнө тинтүү жүргүзүлдү

Тайырбек Сарпашевдин үйүнө тинтүү жүргүзүлдү


Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын  кызматкерлери Тайырбек Сарпашевдин үйүн тинтүүгө алды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы кабарлады. 


Белгилей кетсек, Максим Бакиевдин камакка алынган мүлктөрүн мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча секторунун башчысы Ч.С. жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы Ж.Н. кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кылмыш ишине президенттик аппараттын кызмат адамдарынын, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинин тиешеси бар экендиги аныкталган.


Финполдун маалымат катчысы Сарпашевдин үйүнө ушул кылмыш ишинин негизинде тинтүү болгонун билдирди.



https://www.super.kg/kabar/news/332545/

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн