Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тайлаков: Өлкөдө күйүүчү майдын 14 күнгө жете турган запасы бар

16.03.2022 14:32
883
Тайлаков: Өлкөдө күйүүчү майдын 14 күнгө жете турган запасы бар

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы кескин көтөрүлбөйт, бирок кымбаттоосу күтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезексиз жыйынында КР Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков билдирди.


Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө КММнын 14 күнгө жете турган кору бар.


“13-14 сомго кескин көтөрүлүү болбойт, бирок КММ сатып алуунун баасы доллардын кунунан көз каранды, ал эми бүгүнкү күндө доллардын куну көтөрүлдү, баалардын дагы жогорулашы күтүлүүдө”, - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн