Бугу 16, 2024
Убакыт: 11:34
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Тайманбаган Манастын урпагынын, тарыхында мындай күн болгон беле? Он үч жашар кыз өлдү анда неге?

07.05.2021 11:22
1784
Тайманбаган Манастын урпагынын, тарыхында мындай күн болгон беле? Он үч жашар кыз өлдү анда неге?

КАЙРЫЛУУ


Сызга батып эт жүрөк ооругандай,

Сыноо кайра калкымды тооругандай.

Садыр күйөт Баткенге деп жүрчү элек,

Соңку үмүттөр элимде соолугандай.


Караңгыга келечек бараткандай,

Калаа четин душмандар талашкандай.

Камчы сактайт чектерди деп жүрчү элек,

Кайран элим кайрадан адашкандай.


Ээй төбөлдөр уккула кайрылуум бар!

Элдин ичи дал бүгүн кайгы, муң-зар.

Аймагынан качканы эч нерсе эмес,

Аталарды жоготкон айрылуу бар!


Тажик минтип жеримди басып кетти,

Танка менен аёосуз атып кетти.

Тарсылдаган куралдын дабышынан,

Талаа кезип эр кыргыз качып кетти.


Кайран элдин күнөөсү толгон беле?

Каргыш айтып ким бирөө койгон беле?

Тайманбаган Манастын урпагынын

Тарыхында мындай күн болгон беле?


Мен билгенден эр кыргыз балбан эле,

Мекен туусун бийикке сайган эле!

Окко учкудай күнөөкөр болсо элим,

Он үч жашар кыз өлдү анда неге?


Туман каптап жан дүйнөм ыйлап жатат,

Түркүн суроо уктатпай кыйнап жатат.

Жерлерибиз табышмак болсо анда,

Эмгегибиз эмне үчүн кыйрап жатат?


Ким далилдейт акыйкат жоголгонду?

Ким сооротот муң-зарга оролгонду?

Кийим-кече, тамак-аш мында турсун.

Кимдер төлөйт мал-мүлкү тонолгонду?


Көөдөн жарган кимге айтам арызымды?

Ким кайтарат жоголгон намысымды?

Кир жугузуп салдык ко атыбызга,

Ким тазалайт булганган тарыхымды?


Эл сыйлаган олтурган тагың Садыр,

Эл түшүрөөр кайрадан агылса бир.

Катуу мыйзам орнотом дечү элең го,

Кайда калды кечээки жалын Садыр?!


Өзүң элең кыргызга накта камчы,

Өрүкзардын ишенчин акта Камчы!

Чыркыратпай  Исхактын урпактарын,

Чек араны эртерээк такта Камчы!


Кайда калды кечээки Жалын Садыр?

Калың журттун көкөлөт багын Садыр!


Адылбек Икрамбек Тегин

02. 05. 2021-ж Лейлек

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн