Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Таза суу боюнча абал турукташканга чейин Арча-Бешикте суу график менен берилет

22.06.2023 14:13
371
Таза суу боюнча абал турукташканга чейин Арча-Бешикте суу график менен берилет


Таза суу менен камсыздоо жакшырганга чейин Арча-Бешик конушуна ичүүчү сууну берүү графикке ылайык жүргүзүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 23, 25, 27, 29-июнь күндөрү саат 7:00дөн 11:00гө чейин Садырбаев - Абдрахманов - Асылкеч - Жайыл-Баатыр - Арча-Бешик - Жайыл-Баатыр - Чортеков - Эр Тайлак көчөлөрү менен чектешкен аймактарга таза суу берилет.

Ал эми 24, 26, 28, 30-июнь күндөрү саат 7:00дөн 11:00гө чейин Репин - Жайыл Баатыр - Чортеков-Күйүкова - Чортеков - Кең-Суу - Камбар -Ата - Арча-Бешик - Кызыл-Суу - Ак-Марал, Репин-Күйүкова көчөлөрү менен чектелген аймактарга суу берилет.

Ошондой эле саат 13:00дөн кийин суу өткөргүчтөр бош болгонго чейин Күйүкова - Муромская - Арча-Бешик 21-көчөсү - Көпүрө базары, Ахунбаев - Кызыл-Суу - Ак-Марал - Шералиев - Күйүкова көчөлөрүнө суу берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн