Бугу 06, 2024
Убакыт: 10:37
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Тазабек Икрамов Акылбек Жапаровдон кыргыз элинен кечирим сурашын талап кылды

25.08.2021 10:58
2515
Тазабек Икрамов Акылбек Жапаровдон кыргыз элинен кечирим сурашын талап кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Экономика министри Акылбек Жапаровду кескин сынга алды. Бул тууралуу депутат социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Депутаттын айтымында, министр Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө шек келтирген сөзү үчүн жооп бериши керек.


"Акылбек Жапаров мырза!

Соцтармактарда сиздин «Кыргызстандын 90%га жакын жарандары Россия федерациясына кошулууга кызыктар» деген пикириңиз жарыяланды. Мындай пикирди кайсы учурда, кайда айтканыңыз белгисиз. Ошентсе да, Кыргыз саясатында активдуу аралашкан адам, мамлекеттик кызматкер катары бул билдирүүңүз мамлекеттүүлүккө шек келтирип, Эгемен Кыргызстаныбыздын эркиндигин көз көрүнөө тебелеп жатат деп кескин сындайм. Миндеген жылдар Эгемендүүлүк үчүн канын, жанын курмандыкка чалып келген ата-бабаларыбыз мурастап келген Ала-Тообузга чыккынчылык кылганга барабар аракеттеги билдирүүңүз үчүн жалпы Кыргызстандыктар алдында кечирим сурап, күнөөңүздү моюнга алат деп ишенем. 


Кыргыз эли, жери Акылбек Жапаровдун менчиги эмес! Алты миллиондон ашык Кыргызстандыктар  сиздин пикирди колдобойт",- деп билдирүү калтырган Икрамов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн