Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 06:25
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Тазабек Икрамов: Баарын табигый кырсыкка оодарбай, тиешелүү органдар жоопкерчилик алыш керек

21.07.2021 09:29
2245
Тазабек Икрамов: Баарын табигый кырсыкка оодарбай, тиешелүү органдар жоопкерчилик алыш керек

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Сузак районунда селден жабыркаган жарандарга көңүл айтты. Бул тууралуу депутат социалдык тармактагы баракчасына жазды.


"Урматтуу мекендештер, акыркы кездеги табият кырсыктары көбөйүп, өлкөбүздүн бир нече аймагында сел ташкындары жүргөнү маалым. Албетте бул окуялар жоготуусуз болбоду. Бул абдан өкүнүчтүү абал. Баарын табият кырсыгына оодарып, тийиштүү иштерди өз убагында жасабай, сел ташкындарынын алдын албаган ӨКМде да күнөө бар. Алар бүт жоопкерчиликти мойнуна алыш керек. Ал эми селден жабыр тарткандарга тез аранын ичинде өкмөт жардам берүүсү зарыл. 


Урматтуу мекендештер, Сузактагы жердештер, жалпы жоготуулар үчүн баарыңыздарга көңүл айтам. Мындан ары өлкөбүздө тынчтык гана өкүм сүрсүн!",- деп билдирүү калтырган Икрамов.


Р.S Мен ушул жылдын апрель айында парламент трибунасынан Окмотко, Озгочо кырдаалдар министрлигине кайрылып, «баарыбыз саясат менен алек болуп жатабыз. Жай мезгили келип, кун тездик менен ысыса же, катуу ношорлогон жамгыр болсо дамбаларды алат, сел журушу мумкун, табият кырсыктарын алдын алалы. Ишти азыртадан баштаныздар  деп айттым эле. Окмот да, МЧС да учурунда тиешелуу чечим кабыл албай коюп, табият кырсыктары болуп жатат...

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Гульмира
Жардам Жана жоопкерчилик эн биринчи силер башталат! Парламентте отуруп трибунадан кыйкырбай, шайлоо убагында элге кандай Гана маселелерди чечип беребиз деп убада бергенсинер? Убакыт Келди жооп бергенге! Кудайдын оозунан тушконсуп отура бербей!