Бугу 12, 2024
Убакыт: 21:28
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Тазабек Икрамов: Баткендеги үйлөрдү куруп жаткан "Аманат Строй" курулуш материалдары үчүн карызын төлөй элек

15.06.2023 13:08
411
Тазабек Икрамов: Баткендеги үйлөрдү куруп жаткан "Аманат Строй" курулуш материалдары үчүн карызын төлөй элек


Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов «Аманат Строй» куруш компаниясынан ишкерлерге курулуш материалдарына кеткен акчаны кайтарып берүүнү талап кылды. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.


Эл өкүлү курулуш компаниясы 2022-жылдагы чек ара окуясында жабыр тарткан баткендиктерге үй салып жаткан подрядчик экенин айтты.


"Аманат Строй" компаниясы ишкерлерден 19 миллион 680 миң сомдук курулуш материалдарын алып кеткен. Ушул күнгө чейин акчасын кайтара элек. 24 ишкер кат жазып жатат. Эң көп жабыр тарткан ишкер Манас Абдыкарович 8 миллион 600 миң сомдук товар берген", - деди ал.


Депутат курулуш компаниясынан акчаны ишкерлерге кайтарып берүүнү талап кылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн