Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 14:56
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Тазабек Икрамов: Баткенде болгону эки үй бүттү деген – бул уят!

29.12.2022 12:46
6157
Тазабек Икрамов: Баткенде болгону эки үй бүттү деген – бул уят!


- Тазабек мырза, Баткендеги жаңы курулуп жаткан үйлөр боюнча эмне айта аласыз?


- Кечээ сурадык. “Эки үй бүттү. Анын дагы документи толук бүтө элек, тапшыра элекпиз. Пайдубалы түптөлүп калгандары бар, кээ бирөөлөрүнүн дубалы урулуп, кээ бирөөлөрүнүн чатыры жабылап жатат” деп мамкурулуштун жетекчиси өзү айтты. Бизде эки айда үйлөр бүтүп, элге тапшырылып калат го (!) деген үмүт бар болчу. Тилекке каршы, андай болбоду. Канчалаган мекендештерибиз ошол жерде үй-жайсыз отурат кыйналып. 1 миллиард 400 миллион сом бөлүнгөн. Эки-үч айдын ичинде үйлөрдү бүтүрүп койгонго толук мүмкүнчүлүк бар эле. Болгону эки үй бүттү деген – бул уят!


- Сиз Баткенди Манас облусу деп атоону сунуштап жатасыз. Бул сунушуңуз канчалык деңгээлде колдоо табат?


- Мен болгону сунуш бердим. “Сөзсүз Манас облусу болсун” деп таңуулап же мажбурлай албайм. Бул тек гана сунуш, мен өз пикиримди айттым. Аны ким кандай кабыл алса, өз эрки. Мындай сунуш киргизгенимдин себеби, кээ бир уламыштарда Манас атабыздын туулган жери Баткен деп айтылат. Мен ошонун негизинде Манас атабыздын ысымы баарыбыздын башыбызды бириктирип, мекенибиз Баткенден башталса деген жакшы ой менен айттым. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн