Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов диний экстремисттик уюмдарды аныктоодо Муфтият менен бирге иш алып барууну сунуштады.
Депутаттын айтымында, бүгүнкү күндө дааватка чыккан айрым адамдар жөн жерден кармалып жатат.
"Диний экстремизм деп дааватка чыгып, элди туура жолго чакырган адамдарды кармаган туура эмес.
Анын ордуна өзүн кудай деген адамдарга неге чара көрбөйсүңөр? Андан сырткары көптөгөн элдин башын айланткан уюмдарга эмне үчүн чара көрүлбөйт?",- деди депутат Икрамов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн