Бугу 05, 2024
Убакыт: 01:02
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Тазабек Икрамов: Эмне жолдогу чуңкурларды айдоочулар уктабасын деп койосуңарбы?

22.11.2022 12:52
624
Тазабек Икрамов: Эмне жолдогу чуңкурларды айдоочулар уктабасын деп койосуңарбы?

Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин Транспорт боюнча комитетинин жыйыны өтүүдө.


Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов быйылкы планга кирип, бирок аткарылбай жаткан маселе жана жолдун сапатына токтолду.


"Сиздер качан сапаттуу жол куруп баштайсыздар? Бир кар, бир жамгыр түшкөндөн кийин жолдордун абалы болбой калат.

Жол кырсыктары да мына ушул жолдун сапатсыздыгынан болуп жатат. 

Айдоочулар чукурлардан качып жүрүп жол кырсыгына кабылат",- деди депутат.


"Автотрассаларда айдоочулар уктап калгандыктан жол кырсыгы катталат",- деди Транспорт министринин орун басары.


Буга жооп катары Икрамов: "Эмне жолдогу чуңкурларды айдоочулар уктабасын деп койосуңарбы?",- деди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн