Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 08:02
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Тазабек Икрамов: Коррупционерлердин жакындары шайлоого талапкер болуу укугунан ажыратылсын

21.05.2020 10:01
663
Тазабек Икрамов: Коррупционерлердин жакындары шайлоого талапкер болуу укугунан ажыратылсын


Жогорку Кеңештин бүгүн, 21-майда өтүп жаткан жыйынында депутат Тазабек Икрамов коррупция менен соттолгондордун жакындарын шайлоого катышуу укугунан ажыратууну сунуштады.

Анын айтымында, 2018-жылы мамлекеттик мүлктү жеп, коррупция менен сот жообуна тартылган экс-чиновниктерди, анын балдарын жана жакындарын мамлекеттик кызматка келтирбөө сунушун көтөргөн.

Жакында "КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөр кирет. Ушул өзгөртүү жана толуктоолорго кошумча сунуш катары мамлекттик мүлккө кол салгандар, коррупция менен шектелип соттолгон жарандар жана алардын жакындарын, балдарын Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү шайлоого талапкер катары катышуу укугун токтотуу боюнча сунуш киргизем. Мындан тышкары чет өлкөдө банк эсептери бар, кыймылсыз мүлккө ээлер шайлануу укугунан ажыратылсын”, - деди депутат.

Икрамов ушул мыйзамды иштеп жаткан депутаттар бул сунушту эске алып коюусун суранды.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн