Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Тазабек Икрамов ОБСЕнин Парламенттер ассамблеясынын жайкы отурумуна катышууда

06.07.2021 18:01
1010
Тазабек Икрамов ОБСЕнин Парламенттер ассамблеясынын жайкы отурумуна катышууда


Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Тазабек Икрамов 5-6-июлда Венада өтүп жаткан ОБСЕнин Парламенттер ассамблеясынын жайкы отурумуна катышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.


Отурумдун алкагында Икрамов ОБСЕнин Парламенттер ассамблеясынын вице-президенти, Азербайжандын Милли мажилисинин депутаты Азай Гулиев менен жолугушкан. Анда парламенттер аралык, ОБСЕнин Парламенттер ассамблеясынын жана Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттер ассамблеясынын алкагында кызматташуу маселелери талкууланган.


Ошондой эле Норвегиянын депутаты Кари Хериксен менен жолугушуу болгон. Ал кездешүүдө коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө кызматташуу маселелери каралган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн