Бүгүн, 4-августта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Тазабек Икрамов Сауд Арабия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим Ради Альради менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Т.Икрамов Ибрахим Ради Альрадини жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, Сауд Арабиясы Королдугу тарабынан Кыргыз Республикасына көрсөтүлгөн жардамдар үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушуу учурунда парламенттер аралык кызматташтык маселелери талкууланды. Т.Икрамов Маджлис аш-Шурадагы депутат кесиптештерин Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.
Тараптар ошондой эле Йемендеги абалга тынчсыздангандыктарын билдиришти. Т.Икрамов пикир келишпестиктердин баары дипломатиялык жолдор менен чечилүүгө тийиш экендигин белгиледи.
Мындан сырткары, эки тараптуу байланыштарды ратификациялоого байланышкан маселелер талкууланды.Т.Икрамов ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда туруктуу авиакаттамдарды ачуу боюнча маселе көтөрдү.
Тараптар эки тараптуу байланыштарды чыңдоо боюнча иштерди жүргүзүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн