Бугу 04, 2024
Убакыт: 06:17
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Тазабек Икрамов Түркияда өткөн шайлоого көз салып, бир катар иш-чараларга катышты

17.05.2023 11:20
258
Тазабек Икрамов Түркияда өткөн шайлоого көз салып, бир катар иш-чараларга катышты



Депутат Тазабек Икрамов Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясынын курамында 2023-жылдын 11-16 май күндөрү Түркияда өткөн президенттик жана парламенттик шайлоолорго кыска мөөнөттүү мониторинг жүргүзүп, бир катар иш-чараларга катышты.


Алгач эл өкүлү миссиясынын алкагында Түркиядагы Президенттик жана Парламенттик шайлоолордун алдындагы жыйынына катышты. Иш-чарада Тазабек Икрамов Түркиянын саясий партияларынын лидерлери менен жолугушуп, Кыргызстанда өткөн шайлоолордун тажрыйбасы менен бөлүшүп, Түркияда өтүүчү шайлоолорго даярдыгы менен таанышты. Ошондой эле алдыдагы Кыргызстан менен Түркия ортосундагы парламенттер аралык кызматташуу боюнча пикир алышты.


Байкоо программасынын алкагында миссиянын кызмат адамдары шайлоого катышкан саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүштү. Алсак, депутат Тазабек Икрамов Түркия парламентинин көпчүлүгүн түзгөн партия - Ак Партиянын (Ak Parti) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анда эл өкүлү Түркияда өтүүчү шайлоого даярдыктары менен таанышып, Кыргызстандагы шайлоо процесстерине учкай токтолду.


Шайлоо күнү, 14-майда, миссия Түркиянын шаарларындагы шайлоо участокторуна барып, жеринде добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салды.


Иш сапарынын жыйынтыгында депутат Тазабек Икрамов Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Руслан Казакбаев менен жолугушту. Тараптар эки өлкө ортосундагы алакаларды арттыруу, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн