Бугу 10, 2024
Убакыт: 10:56
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: “Кызматкерлер ата-энесине кайдыгер болсо, мамлекетке эффективдүү иш кыла албайт”

12.10.2023 10:32
1044
Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: “Кызматкерлер ата-энесине кайдыгер болсо, мамлекетке эффективдүү иш кыла албайт”


- Тазабек мырза, социалдык тармакта “кыргыз-тажик чек арасы чечилди, тарыхый чечим кабыл алынды” деген маалымат тарады. Эми “чек ара чечилиптир” деп ыраазы болуп отуруп калабызбы, же дагы “мынча жерди берип, анча жерди алыптыр” деп чек араны чечкендерди эл душманына айлантабызбы?


- Бул маселе боюнча расмий маалыматтар менен таанышсам, эки тараптын тийешелүү кызматкерлери жолугуп, кезектеги отурум болгонун, анда түшүнүшүү менен эки мамлекет ортосундагы чек араны делимитация жана демаркация иштери мындан ары уланарын, иш жакшы маанайда жүрүп жатканы боюнча позицияларды окудум. Бирок, айрым блогерлер “чек ара боюнча маселе чечилди” деп маалымат беришти. Менин колумда протоколдун көчүрмөсү жок болгондуктан, азыр эч нерсе деп айта албайм. Мен расмий маалыматка гана басым жасайм. Албетте, чек ара такталып, ал аймакта жашаган мекендештерибиз коопсуз жашоо улантышы зарыл. Ошол эле учурда ар бир чечим “жети өлчөнүп, бир кесилишүүсү” тийиш. 


- “Карыган ата-энесин карабагандарды мамлекеттик кызматка албаш керек” деген демилге көтөрүп, мыйзам долбоорун даярдап жатыпсыз. Мамлекеттик кызматта иштегендердин арасында ата-энесин карылар үйүнө таштагандар бар бекен?


- Тилекке каршы, андай фактылар бар. Биз бул маселенин четин гана көрүп жатабыз. Тереңине үңүлсөк, бул жалпы коомду ойлондура турган көйгөй. Арийне, ата-эне эч качан өз баласын жаман атка кондуруп, мындай турмушка туш болгонун ачык айтпайт, жашырат. Ошол себептүү мен демилгелеген мыйзам боюнча карылар үйүнө түшкөн ата-эне түз сотко кайрылганга укугу бар. Буюрса мыйзам өтүп кетсе, ал жерде көргөзүлгөн беренелер боюнча сот өз чечимин чыгарат. Мамлекеттик кызматкердин кынтыксыз репутациясы болууга тийиш. Антпесе, жарандардын өлкөгө болгон ишенимин арттыра албайбыз. Кызматкерлер ата-энесине кайдыгер болуп жатса, мамлекетке эффективдүү иш кылып бериши толук күмөн. 


- Эмнегедир тууну өзгөртүү маселеси парламентте көтөрүлдү. Тууну өзгөртсөк эле турмушубуз жеңилдеп кетеби? 


- Бул суроону “тууну өзгөртөлү” деп демилге көтөргөн депутаттарга бериш керек. Жеке пикиримде, азыр мындан да орчундуу маселелер бар. Эң негизгиси, азыркы көйгөй – өкмөттүн күз-кыш мезгилдерине даярдыгы. 


- Депутаттар негизги иши мыйзам жазуу экенин билеби? Же көпчүлүгү Эрулан Көкүловдой болуп, “мыйзам жазуу менин ишим эмес экен” деп жөн эле жүрөбү?


- Депутаттар өз функциясын так аткарып жатат. Депутат – жалпы эл тарабынан шайланган өкүл жана бийликтин бир бутагы. Ошол эле учурда депутат – жалпы элдин, шайлоочулардын суроо-талабын өкмөткө жеткирүүчү көпүрө. Жогорку Кеңеш азыр мыйзамдарды кабыл алып, мыйзам сунуштап, элдин да көйгөйүн жеткирүүнү унуткан жок. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн