Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Тазабек Икрамов менен Марлен Маматалиев ТүркПАнын отурумуна катышты

07.03.2023 11:41
309
Тазабек Икрамов менен Марлен Маматалиев ТүркПАнын отурумуна катышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Тазабек Икрамов жана Марлен Маматалиев Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин жетекчилиги астында уюштурулган ТүркПАнын Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын 8-отурумуна катышышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн кыргыз делегациясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марлен Маматалиев Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу көңүл айтып, каза болгондордун жаткан жери жайлуу болушун, ал эми жаракат алгандар тез сакайып кетишин тиледи.


Өз сөзүндө кыргыз делегациясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Тазабек Икрамов дагы түрк делегациясына көңүл айтып, кыргыз эли боордош түрк элинин кайгысын тең бөлүшүп жатканын билдирди. Т.Икрамов иш-чаранын уюштуруучуларына жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, парламенттер аралык кызматташтыктын жана жалпы уюмдун ишмердүүлүгүнүн ийгиликтүү өнүгүшүнө ишенимин билдирди.


Тараптар “ТүркПА мүчө өлкөлөрдө биотүрдүүлүктү коргоо” жөнүндө отчетун, сунуштамаларын, “Репродуктивдүү ден соолукту коргоо жөнүндө” моделдик мыйзамдын добоорун жана комиссиянын кийинки отурумунун өткөрүлүү датасын, ордун жана күн тартибин кабыл алышты.


Андан соң кыргыз делегациясынын мүчөлөрү азербайжан, казак жана түрк делегацияларынын мүчөлөрү менен бирге ТүркПАнын катчылыгына барышты. Иш-чаранын катышуучулары ТүркПАнын имараты менен таанышышты.


Улуттук делегациялардын мүчөлөрү бири-бирин комиссиянын 8-отурумунун ийгиликтүү өтүшү менен куттукташып, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн биргелешип күч-аракет жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн