Тазабек Икрамов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин сурагынан кийин Жогорку Кеңештин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясы ырастады.
Депутат кандай иш боюнча суракка чакырылганы азырынча белгисиз.
Белгилей кетсек, Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин депутаты болуп №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн