Бугу 16, 2024
Убакыт: 04:44
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Тазабек Икрамов: "Кыргыз темир жолуна" жетекчи болгондордун баары миллионер болуп кетет

07.02.2023 11:01
379
Тазабек Икрамов: "Кыргыз темир жолуна" жетекчи болгондордун баары миллионер болуп кетет

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасына жетекчи болгондордун баары эле миллионер болуп кетет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов комитеттин жыйынында билдирди.


Анын айтымында, темир жол тармагы эң коррупциялашкан тармактардын бири.


"Азыркы учурда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча өтө чоң долбоор башталып жатат.


Сиз дагы бул иштин маанилүү экенин билесиз. Азыр долбооруна эле канчалаган каражат кетип жатат. Темир жолго жетекчи болгондордун баары эле миллионер, миллиардер болуп кетет эле. Сизди мамлекеттик кызыкчылыгы үчүн иштеп, коррупцияга жол бербейсиз деп ишенем",- деди депутат Азамат Сакиевге кайрылып.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн