Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бүгүн, 5-апрелде "Пирамида" каналынын тагдырын биротоло чечүүнү сунуштады.
Анын айтымында, азыркы учурда каналдын эмгек жамааты айлык акысыз иштеп келет.
""Пирамида" каналы Жогорку Кеңештин жыйынын көрсөтпөй калган. Алар канча айдан бери айлык албай иштеп келе жатат.
"Пирамида" каналын Президенттин Администрациясынын маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы мурда жетектеген "7-каналга" бириктиребиз деп жатыптыр. Бул маселени карап, каналдын тагдырын чечиш керек",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн