Бугу 13, 2024
Убакыт: 04:44
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Тазабек Икрамов шайлоочуларды шайлоого катышууга милдеттендирүүнү сунуштоодо

25.09.2023 13:05
228
Тазабек Икрамов шайлоочуларды шайлоого катышууга милдеттендирүүнү сунуштоодо


Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов шайлоочуларды шайлоого катышууга милдеттендирүүнү сунуштоодо.


Түз эфирде ал өз сунушун түшүндүрдү. Анын айтымында, мындай милдеттенме биринчи кезекте шайлоону таза өткөрүүгө жардам берет.


«Мисал катары Ленин районундагы шайлоону ала турган болсок, 100 миңден ашуун шайлоочу бар. Бирок шайлоочулардын аз гана бөлүгү, башкача айтканда, 20 миңге жетпегени катышты. 80-90% шайлоочу катышканда добуштарды сатып алуу мүмкүн эмес болмок. 20 миң шайлоочу катышып, 5-6 миң добуш алган талапкер депутат болот, ал дагы ушул райондун кызыкчылыгын коргойт, мыйзам долбоорлорун демилгелейт», - деди ал.


Икрамов кошумчалагандай, республикада шайлоочулардын 30%ы катышып жаткандыктан абал ушундай. «Көптөгөн адамдар шайлоо алардын катышуусуз өтүп жатат деп эсептешет. Бул туура эмес», - деп кошумчалады ал.


Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы ыкмаларды: электрондук добуш берүү, аралыктан добуш берүү, шайлоо учурунда чүчүкулак өткөрүү ж.б.у.с. киргизүү аркылуу шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатуунун үстүндө иштеп жатканын билдирди. Анын айтымында, электрондук жана аралыктан добуш берүү пилоттук режимде жүргүзүлдү.


Жылкыбаев кошумчалагандай, Борбордук шайлоо комиссиясында шайлоого милдеттүү түрдө катышуу жана айып пул салуу маселеси талкууланып жатат. «Мен жеке оюмду айтам, мен мындай чараларга каршымын», - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн