Бугу 05, 2024
Убакыт: 23:41
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Тазабек Икрамов шайлоого катышпаган жарандарга айып салууну сунуштоодо

14.07.2023 16:38
237
Тазабек Икрамов шайлоого катышпаган жарандарга айып салууну сунуштоодо


Депутат Тазабек Икрамов шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Документ коомдук талкууга коюлду.


Парламентарийдин пикиринде, шайлоого катышпаган кыргызстандыктарга айып пул салынышы керек – ушундай жол менен шайлоочулардын аз катышкан жагдайын оңдоого болот.


Президенттик же парламенттик шайлоого жүйөлүү себепсиз барбагандардын бардыгына 5 миң сом өлчөмүндө административдик айып салуу сунушталууда.


Тазабек Икрамов Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө, Австралияда, Бразилияда жана Түркияда шайлоого катышпаган жарандар жоопкерчиликке тартыларын эске салат. Ал ошондой эле шайлоочулардын аз катышуусу «демократиянын негизги принцибинин» бузулушуна алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.


Эске салсак, 28-майда өткөн Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо рекорддук көрсөткүч 13,9 пайызды түзгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн