Бугу 13, 2024
Убакыт: 15:14
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Тазабек Икрамов шайлоолорду жекшембиде эмес, жума күнү өткөрүүнү сунуштады

21.12.2023 15:49
333
Тазабек Икрамов шайлоолорду жекшембиде эмес, жума күнү өткөрүүнү сунуштады


Кыргызстанда шайлоолорду жекшембиде эмес, жума күнү өткөрүү сунушталды. Мындай мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жазып, коомдук талкууга койду.


Эл өкүлүнүн сунушу:

- жарандарды дем алыш күндөрүн үй-бүлөсү менен өткөрүү жана эс алуу укугунан ажыратпоо максатында шайлоону жума күнгө жылдыруу;

- элге стимул берүү үчүн шайлоого келгендерге лотереяларды, кызыктыруучу байгелерди уюштуруу. Ага каражат талапкерлердин шайлоо фондунун алынат;

- добуш берүүгө катышпагандарды мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу (берилчү жаза так жазылган эмес). Жүйөлүү себептери барларга чара көрүлбөйт.


"Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө, Австралияда, Бразилияда, Түркияда жүйөлүү себептерсиз шайлоого катышпай калган жарандарды жоопкерчиликке тартуу практикасы бар. Мындай эреже көптөгөн адамдардын шайлоолорго катышуусун камсыздайт. Шайлоочулардын көпчүлүгүнүн шайлоого катышпай калышынын кесепети демократиянын негизги принцибинин бузулушуна жана республикалык бюджеттен акча ысырап болушуна алып келет", — деп жазылган маалыматтык негиздемеде.


Ал Бишкектеги Ленин шайлоо округунда кайра өткөн шайлоодо 124 миң бюллетень даярдалып, 17 миң киши гана келгени белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн