Бугу 13, 2024
Убакыт: 17:45
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Тазабек Икрамов улуттук көк бөрү оюнунун эрежесин өзгөртүүнү сунуштады

05.09.2023 11:47
303
Тазабек Икрамов улуттук көк бөрү оюнунун эрежесин өзгөртүүнү сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов улуттук көк бөрү оюнунун эрежесин өзгөртүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу ал “Көк бөрү” эл аралык ассоциациясынын президенти Курманкул Зулушевге кайрылуусунда жазды.


Эл өкүлүнүн айтымында, Оштогу финалдык оюндан кийин Төлөйкөн ипподромунда болгон тополоң бул зарылчылыкты тастыктаган.


«31-августта Төлөйкөн ипподромунда болгон окуя бардык жарандарыбызды чочутту. Турнирди уюштуруучулардын кетирген каталарынан улам жаңжал чыккан. Бул өзгөчө кырдаалдан жыйынтык чыгарышыбыз керек», - деп түшүндүрдү ал.


Тазабек Икрамов облустук командаларды жоюп, көк бөрү клубдарын түзүүнү сунуштоодо.


«Ар бир аймактан бирден оюнчу» принциби боюнча түзүлө турган республикалык деңгээлдеги турнирлерге клубдук командалар гана катышышы керек. Эгерде биз аймактар ​​аралык командаларды түзбөсөк, анда аймактардын ортосундагы бөлүнүү күчөйт. Эгерде аймактар ​​аралык командалар болсо, анда күйөрмандар аймактык принцип боюнча эмес, өздөрүнө жаккан клубду колдошот», - деп жазган ал.


Депутат бардык аймактардан оюнчулар кирбеген командаларга тыюу салууну сунуштоодо.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн