Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 21:07
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Тазабек Икрамов жапырт кармалган саясатчы жана активисттерди үй камагына чыгарууну талап кылды

26.10.2022 16:32
239
Тазабек Икрамов жапырт кармалган саясатчы жана активисттерди үй камагына чыгарууну талап кылды

Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин жыйынында 23-октябрь күнү кармалган жарандарды үй камагына чыгарууну талап кылды.


Депутат өзгөчө аял кишилерге аяр мамиле жасоого чакырды.


"Массалык башаламандык уюштуруу боюнча кармалып жаткан жарандардын арасында Кемпир-Абадды коргоо комитетине катышпаган жарандар да бар. Алардын кайсы негизде кармап жатасыңар? Жашы улгайган аялдар бар. Эмне алар курал көтөрүп бийликти басып алууга аракет жасамак беле?",- деди депутат.


ИИМдин өкүлү бардык кармалгандар массалык башаламандык уюштурууга шектелип жатканын билдирди.


Депутат Тазабек Икрамов аларды үй камагына чыгарып, тергөө керектигин талап кылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн