Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:27
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

“Тазалык” Октябрь районундагы таштандыларды 10 күндүн ичинде толугу менен чыгарат

19.06.2023 15:45
348
“Тазалык” Октябрь районундагы таштандыларды 10 күндүн ичинде толугу менен чыгарат


“Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев Октярь районунан таштандыны толук чыгарууга 10 күн убакыт берүүнү суранды.

Анын айтымында, борбор калаадагы эл жыш жайгашкан районду кабыл алуудан кийин иш графигин жөнгө салуу, кошумча жумушчуларды кабыл алуу процесстерине убакыт талап кылынууда. Натыйжада райондо таштанды алып чыгуу убактысынан кечигип, жумуш күчүнүн жетишсиздиги байкалууда. Ишкананын кызматкерлери күнү-түнү иштеп, бирок жетишпей жатышат.

“Сиздерден кечирим сурайм жана бир аз убакыт берүүңүздөрдү суранам. 10 күн ичинде таштандыны толук чыгарабыз”, - деп кайрылды Рамиз Алиев Октябрь районунун тургундарына.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн