Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:27
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

“Тазалык” ишканасы Бишкектин бюджетинен 108 миллион сом насыя алууну пландоодо

05.07.2023 17:54
269
“Тазалык” ишканасы Бишкектин бюджетинен 108 миллион сом насыя алууну пландоодо


“Тазалык” ишканасы Бишкектин бюджетинен 108 миллион сом насыя алууну пландоодо. Бул тууралуу коомдук талкууга коюлган Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоорунда айтылат.


Негиздөө билдирүүсүндө «Тазалык» МИнин финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн талдоо ишканада негизги өндүрүштүк милдеттерди чечүү үчүн финансылык ресурстардын жетишсиздиги байкалып жатканы белгиленген. Акыркы эки жылда материалдардын кымбатташына, күйүүчү-майлоочу майлардын эки эсе кымбатташына, коммуналдык кызматтарга тарифтердин көтөрүлүшүнө, 2020-жылдын март айында Бишкек шаарында өзгөчө кырдаалдын жарыяланышына жана башкаларга байланыштуу оор кырдаал түзүлдү.


Насыяны төлөө муниципалдык ишкананын чарбалык ишмердигинен түшө турган каражаттардын эсебинен пландаштырылган. 2023-жылга чарбалык ишмердүүлүк боюнча кирешелер жана чыгашалар сметасына ылайык, ишкана пландалган кирешеге жетиши керек. Насыя 36 айдын ичинде төлөнүшү күтүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн