Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 08:59
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

«Тазалыктын» башкы бухгалтери кармалды

13.02.2020 13:34
687
«Тазалыктын» башкы бухгалтери кармалды


     Бишкек мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын башкы бухгалтери А.О., операторлор А.М. жана Б.Н. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлады.


     Маалыматка ылайык, алар 8-февралда атайын жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында кармалган.


     Анда бухгалтер менен операторлор кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып күйүүчү майдын талондорун өз алдынча коротушкан. Ал күйүүчү майды «Тазалык» 84 миллион сомдон ашык суммага талон түрүндө сатылып алган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен иш козголгон. Бухгалтер менен оператор эки айга үй камагына алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн