Кыргызстандагы социалдык түйүндөрдө “Тажадым” аттуу акция башталды. Анда бир катар активисттер, шоу-бизнестин өкүлдөрү кыска видео кайрылуу, же текст түрүндө билдирүү жасоодо. Алар өлкөдөгү коррупциядан, акыйкатсыз соттордон, сапатсыз жолдордон, начар медицинадан, такталбаган чек арадан, чириген системадан, чабал өкмөттөн, алсыз парламенттен тажаганын билдирүүдө. Буга байланыштуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги окурмандар арасында сурамжылоо жүргүзөт.
Пикирлер (4)