Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 06:15
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Тажик аскерлери 20 метр кирип келген. Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды

12.04.2022 22:04
1264
Тажик аскерлери 20 метр кирип келген. Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды

Бүгүн, 12-апрелде Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында дагы ок атышуу орун алды. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.


Маалым болгондой, Кыргызстандын чек ара отряды Баткен облусунун Лейлек районундагы Селкан участкасында кызмат өтөп жатышкан.


Тажик чек арачылары кыргыз аскерлерин көрүп, мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгын көздөй келишкен. "Кыргыз чек арачылары коңшу өлкөнүн аскерлерине чек ара сызыгынан өтпөө талабы коюшкан. Бирок тажик чек ара отряды ага көңүл бурбай Кыргызстандын аймагына 20 метр тереңдик менен кирип кеткен.


Мындан улам кыргыз чек ара отряды асманга эскертүү иретинде ок чыгарган. Тажиктер буга жооп кылып кыргыз чек арачыларына ок чыгарган. Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ок атышуу токтотулган.


Ок атышуулардын натыйжасында кыргыз тараптан жабыркагандар жана жаракат алгандардар болгон жок. Алдын-ала маалыматтар боюнча, Тажикстандын бир аскер кызматкери откон жаракат алган.


Азыркы учурда Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганчи багыттары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп жатат.


Саат 21:20га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт", - дешти маалымат кызматынан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн