Бугу 01, 2024
Убакыт: 23:13
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Тажик аскерлери Кыргызстандын "Тамдык" чек ара заставасын аткылай баштады

16.09.2022 23:59
385
Тажик аскерлери Кыргызстандын "Тамдык" чек ара заставасын аткылай баштады


2022-жылдын 16-сентябры саат 23:30га карата Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда.

КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, тажик тарап кыргыз тараптын позицияларын аткылоону улантып, айрым аймактарда айыгышкан салгылашуулар жүрүүдө.

"Тажикстандын аскерлери саат 22:20да КР УКМКнын Чек ара кызматынын “Тамдык” чек ара заставасын аткылай баштады", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн