Бугу 17, 2024
Убакыт: 00:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Тажик аскерлери Лейлек районундагы 36 метрлик көпүрөнү жардырышкан

18.09.2022 15:50
495
Тажик аскерлери Лейлек районундагы 36 метрлик көпүрөнү жардырышкан


Тажик аскерлери Баткен облусундагы Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрөнү жардырышканын Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

"16-сентябрда Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык жолунун жетинчи чакырымында тажик аскерлери Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метр болгон көпүрөнү жок кылышкан", — деп жазылат маалыматта.

Чек арага жакын жайгашкан аймакта жүктөгүч техника, жеңил автоунаа жана эки бульдозер калганы айтылып, министрлик техниканы азыр алып кетүүгө мүмкүн эмес экендигин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн